Ошто 8 учак сатыкка чыгарылды
“Кыргызстандын аэропорттору” эски учактарына аукцион жарыялады. Ан-12 учагынын баштапкы баасы 2 млн 421 миң сом. Ал эми Ан-2 учактарынын наркы 233 миң сомдон башталат. Аукцион 27-апрелде Ош аэропортунда өтүп, катышуу үчүн арыздар 24-апрелге чейин кабыл алынат. Маалымат алуу үчүн: +996557224497

