Садыр Жапаров Азиядагы Өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге катышып жатат
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-октябрда, Азиядагы Өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин жетинчи саммитине катышуу үчүн Баку конгресс-борборуна келди. Мамлекет башчысын Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев тосуп алды. Саламдашуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин делегациялардын башчылары форумга катышуу үчүн залга өтүштү.


