Кыргызстанда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болду

Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 2-апрель таңкы саат 05:28де Кыргызстанда очогунда күчү 4,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды. Жердин силкиниши Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарында, Мырза-Арык, Кароол айылдарында 4,5 балл, Куршаб, Мырза-Аке, Красный-Маяк айылдарында 4 балл, Кара-Суу, Отуз-Адыр, Курбу-Таш, Салам-Алик айылдарында жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Ичке-Сай айылында 3,5 баллга чейин сезилди.

Кененирээк

Нарында 4 баллдык жер титирөө болду

Бүгүн, 30-январда, саат 8:54төр чамасында Нарын облусунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында — Нарын шаарынан түштүк-батышты көздөй 24 км аралыкта жайгашкан. Силкинүү төмөнкү аймактарда сезилди: Жан-Булак жана Достук айылдарында — болжол менен 3,5 балл Таш-Булак, Куланак, Миң-Булак айылдарында — 3 балл Нарын шаарында —…

Кененирээк