«Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасына жаңы жетекчи дайындалды

2026-жылдын 14-апрелинде «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын жамаатына жаңы директор тааныштырылды. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесине ылайык, ишкананын директору болуп Акылбек Туратбек уулу дайындалды. Бул дайындоо ишкананын башкаруу потенциалын күчөтүүгө жана анын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга, анын ичинде саламаттык сактоо уюмдары үчүн дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды борборлоштурулган сатып алууларды жакшыртууга багытталган.

Кененирээк

Эдил Байсалов кызматтан бошотулуп, АКШга элчи болду

Эдил Байсалов министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады. Байсалов Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалды.Байсалов өзү 9-апрелде вице-премьерлик кызматынан кетип жатканын айткан.

Кененирээк

Финансы министри алмашты

Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев өз арызы менен кызматтан кетип, ордуна финансы министри болуп иштеп келген Бакыт Бакетаев барды. Тургунбаев бул кадамга эмне себептен барганы тууралуу комментарий берген жок. Ал эми Финансы министри болуп Руслан Суйналиев дайындалды.

Кененирээк

Бишкектин биринчи вице-мэри алмашты

Шаар башчысы Айбек Жунушалиевдин буйругу менен анын биринчи орун басары болуп Кубанычбек Иманалиев дайындалды. Буга чейин Бишкектин биринчи вице-мэри кызматын аркалап келген Мирланбек Байгончоков 17-мартта Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары болуп дайындалган. Ал эми Кубанычбек Иманалиев 2023-жылдын февралынан 2026-жылдын февралына чейин Манас шаарынын биринчи вице-мэри болуп иштеген.

Кененирээк

Каракол шаарынын мэри алмашты

Буга чейин аталган шаарды башкарып келген Каныбек Адиев кызматтан алынып, ордуна Талантбек Иманов дайындалды. Иманов бул кызматка дайындалар алдында президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү кызматынан бошотулду. Президенттин дагы бир жарлыгы менен Алмазбек Усенов Жеке маалыматтарды коргоо боюнча агенттиктин директору кызматынан бошотулуп, анын ордуна Кутман Мамыров барды.

Кененирээк

Можтаба Хаменеи Ирандын жаңы Жогорку лидери болуп шайланды

АКШ менен Израилдин аба соккуларынан каза болгон аятолла Али Хаменеинин уулу, 56 жаштагы Можтаба Хаменеи Ирандын жаңы Жогорку лидери болуп калды.Ал Ирандын Эксперттер Ассамблеясы тарабынан бир добуштан шайланган. Можтаба Хаменеи 1980-жылдары кызмат өтөп, андан кийин диний семинарияда сабак берген. 2004-жылы ал Иран парламентинин спикеринин кызына үйлөнгөн. 2019-жылы АКШ ага каршы санкцияларды киргизген.

Кененирээк

К.Досмамбетовдун ордуна жаңы министр дайындалды

Дамирбек Осмонов КР саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Ал буга чейин кызматтан бошотулган Каныбек Досмамбетовдун ордун басты. Осмонов практик дарыгер жана кардиология боюнча таанылган адис. Дайындоого чейин ал Саламаттык сактоо министрлигинин башкы штаттан тышкары интервенциялык кардиологу жана аритмологу болуп иштеп, «БИКАРД» клиникасында да эмгектенген. Ошондой эле Бишкектеги Эл аралык медициналык университеттин кардиология кафедрасын…

Кененирээк

Ош шаарына Жанарбек Акаев мэр болуп дайындалды

Тийиштүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.18-февралдын кечинде Жеңишбек Токторбаев өз арызынын негизинде Ош шаарынын мэри кызматынан алынды. Жанарбек Акаев учурда Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаты. Ал «Азаттыкта» бир канча жыл журналист болуп иштеген. Ошондой эле 2015-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат катчысы болгон. Жогорку Кеңештин үч чакырылышында депутат болгон.

Кененирээк

Ат-Башыга жаңы аким дайындалды

Камчыбек Ташиевдин чукул тапшырмасынан кийин Ат-Башыга жаңы аким дайындалды. Райондун жаңы жетекчиси болуп Мухтар Шербаев бекитилди. 48 жаштагы аткаминер буга чейин Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда акимдин орун басары болуп иштеген. Эске салсак, буга чейин Камчыбек Ташиев облус башчысы Нурбек Сатаровдон районго эмне үчүн дагы эле жаңы жетекчи дайындалбаганын сурап, бул маселени бүгүн чечүү тапшырмасын берген….

Кененирээк