Буга чейин аталган шаарды башкарып келген Каныбек Адиев кызматтан алынып, ордуна Талантбек Иманов дайындалды.
Иманов бул кызматка дайындалар алдында президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү кызматынан бошотулду.
Президенттин дагы бир жарлыгы менен Алмазбек Усенов Жеке маалыматтарды коргоо боюнча агенттиктин директору кызматынан бошотулуп, анын ордуна Кутман Мамыров барды.

