Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Бул чечим өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана бааларды турукташтыруу максатында кабыл алынды.
Чектөө 6 айга киргизилип, төмөнкү мал түрлөрүнө тиешелүү:
-ири мүйүздүү мал,
-жылкылар,
-кой жана эчки.

