Дарыгерлердин айлыгы 1-апрелден тарта 100%га көтөрүлөт

“Анын ичинде ай сайын дарыгерлер менен медайымдардын маянасына президенттик фонддон 15 миң сом кошулат. Аз болсо да дарыгерлерибизге стимул болот деп ойлойбуз”, — деди саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Тилек Маматалиев. Ал ошондой эле аймактарда иштеп жаткан жаш адистердин 3 айда бир ала турган депозити 33 миң сомдон 66 миң сомго көтөрүлгөнүн кошумчалады. Маматалиев…

Кененирээк

Дарыгерлер батарейка жутуп алган 1,5 жаштагы баланы сактап калышты

Кыздын ата-энеси ал бир нерсе жутуп алганын айтып, Эне-баланы коргоо борборуна кайрылган. Текшерүүдө ашказанга кире берген жерде тыйынга окшош батарейка экени аныкталган. Тилекке каршы, батарейка турган жер — кызыл өңгөчтүн эки тарабы II–III даражадагы химиялык күйүк алган.

Кененирээк

Кыргызстан жылына миңге чейин дарыгерди чет өлкөгө стажировкага жөнөтүүнү көздөөдө

Саламаттык сактоо министрлиги КГМАнын бүтүрүүчүлөрүн чет өлкөгө стажировкага жөнөтүү үчүн квотаны көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Министр Каныбек Досмамбетовдун айтымында, азыр жылына болжол менен 100 адис жөнөтүлөт, бул көрсөткүчтү 1000ге чейин жеткирүү пландалууда. Бул багытта Орусия, Түркия жана АКШ менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Февраль айында Досмамбетов Орусиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко менен жолугуп, 1–2 жылдык…

Кененирээк