23-мартка карата аба ырайы

Бүгүн өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкүсү түшүүсү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүй облусунда 15…20, Талас чөлкөмүндө 12…17, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 14…19, Ысык-Көлдө 10…15, Нарын өрөөнүндө 6…11 градус жылуу болот. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте 17…19, Ош шаарында 16…18 градусту түзөт.

Кененирээк

Чукул кабар: Унаа жолдорго кар көчкү түшүү коркунучу бар

Туруксуз аба ырайына байланыштуу 2–5-мартта тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. Жолдор тайгак болуп, муз тоңушу мүмкүн — унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо сунушталат. Кар көчкү коркунучу бар жол тилкелери: Бишкек–Ош: 121–138-чакырым (Төө-Ашуу ашуусу) Бишкек–Ош: 198–265-чакырым (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу) Мырза-Аке–Кара-Кулжа–Алакуу: 55–115-чакырым Ала-Бука–Каныш-Кыя: 45–112-чакырым (Чапчыма ашуусу) Красная-Горка–Акташ:…

Кененирээк

Бишкек–Ош жана Бишкек–Нарын–Торугарт жолунда кар көчкү атып түшүрүлүүдө

Мындай аракет жол кырсыктарын алдын алуу жана каттамды үзгүлтүккө учуратпоо үчүн көрүлүп жатат. Транспорт министрлиги учурда Бишкек–Ош жолунун Өтмөк тилкесинде, Ала-Бел ашуусунда жана Чычкан капчыгайында адистер иш алып барып жатканын кабарлады. Ошондой эле Бишкек–Нарын–Торугарт жолундагы Долон ашуусунда жана Кара-Үңкүр капчыгайында кар көчкүнү мажбурлап түшүрүү иштери жүрүп жатат. Мындай аракеттер 23-февралдан 28-февралга чейин уланат.

Кененирээк

Суусамырда кар көчкү басып калган жарандын сөөгү табылды

ӨКМдин куткаруучулары маркумдун сөөгүн алты күн издеп, 18-февралда көчкү алдынан таап чыгышты. Куткаруу иштерине жалпы 70 адам тартылды. Суусамырдын Бороондуу жайлоосунда 59 жаштагы кишини 12-февраль күнү 50 баш кою жана аты менен кар көчкү басып калган.

Кененирээк