Токторбаев кызматынан алынды

18-февралда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кызматтан кетүүгө арыз жазганы белгилүү болду. Бул тууралуу президенттик администрациядагы булактар ырастады. Токторбаев бүгүн “Азаттыкка” кыска маек берип, кызматын улантуу ниети бар экенин, бирок муктаждык жаралса арыз жазууга даярдыгын билдирген.

Кененирээк

Жогорку Кеңештин төрагасы кызматтан кетерин жарыялады

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу 12-февралда кызматтан кетерин жарыялады. Ал мындай чечимди кадрдык алмашууларга байланыштуу кабыл алганын айтты. Бул жеке чечими экенин, эч ким кысым кылбаганын кошумчалады. Нурланбек Тургунбек уулу бул кызматты 2022-жылдан бери аркалап келген. Мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгында ал 2025-жылдын декабрында кайра шайланган.

Кененирээк