Садыр Жапаров ШКУга мүчө-мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды

Мамлекет башчы Кыргызстан ШКУнун учурдагы төрагасы катары коргоо тармагындагы кызматташууну өнүктүрүүгө, анын ичинде биргелешкен машыгууларды өткөрүүгө, тажрыйба алмашууга жана коргоо ведомстволорунун ортосундагы координацияны бекемдөөгө өзгөчө маани берерин белгиледи. Президент коргоо министрлеринин кеңешмесинин алкагында жетишилген макулдашуулар ШКУ мейкиндигинде коопсуздукту бекемдөөгө өбөлгө түзөт деген ишенимин билдирди.

Кененирээк

Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешине шайлоодо Сириянын колдоосуна ээ болду

Сириянын президенти Ахмед Хусейн аш-Шаара Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин колдоого даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Азамат Кадыралиев менен болгон жолугушууда, Анталия дипломатиялык форумунун алкагында айтылды. Кыргыз тарап июнь айынын башында өтө турган шайлоодо колдоо көрсөтүүнү өтүнүп, араб өлкөлөрүнүн добушу маанилүү экенин белгиледи. Жолугушууда ошондой эле эки тараптуу кызматташтык, аймактык жана эл…

Кененирээк

Ысык-Көлдө кийинки жумада коменданттык саат киргизилет

Маалыматка ылайык, 21-23-апрель күндөрү аймакта “Коопсуздук-2026” аталышындагы командалык-штабдык машыгуулар өтөт. Иш-чара Каракол шаарында, ошондой эле Кызыл-Суу менен Ак-Суу айылдарында болот. Мындан улам саат 21:00дөн 7:00гө чейин коменданттык саат киргизилет. Бул убакыт аралыгында атайын техника жүрүшү ыктымал. Жергиликтүү бийлик жашоочуларды жана конокторду тынчтыкты сактоого, зарыл болбосо көчөгө чыкпоого жана тиешелүү талаптарды так аткарууга чакырды. Ысык-Көлдө кийинки…

Кененирээк

Автожолдордо «Автоураган» иштей баштады — алар кайда орнотулган жана эмнелерди каттайт

Кыргызстанда «Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында «Автоураган» аппараттык-программалык комплекстерин ишке киргизүү уланууда. ИИМдин маалыматына ылайык, 2026-жылдын башынан тартып алар Бишкекте, ошондой эле Бишкек — Кордай, Бишкек — Нарын — Торугарт, Бишкек — Балыкчы — Чолпон-Ата — Каракол жана Бишкек — Ош жолдорунун Чүй облусундагы тилкелерине орнотулду. Бул комплекстер тагылбаган коопсуздук курун, каршы тилкеге чыгууну, ылдамдыкты ашырууну,…

Кененирээк

Садыр Жапаров Кыргызстандын Ирандагы дипломаттарынын коопсуздугун камсыз кылууну тапшырды

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Президент Садыр Жапаровго Жакынкы Чыгыштагы чыңалган кырдаал тууралуу маалымат берди. Өзгөрүп жаткан кырдаалды эске алуу менен, Мамлекет башчысы Тышкы иштер министрлигине Иран Ислам Республикасындагы Кыргыз элчилигинин кызматкерлеринин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрүүнү тапшырды. Бул чаралар дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлөлөрүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилиши мүмкүн болгон…

Кененирээк

Жарамазан айткан балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында рейд иштери жүрүүдө

Ош шаарында коомдук жайларда, көчөлөрдө жол кыймылына тоскоол жаратып, Орозо айында жарамазан айткан балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында рейддик иштер жүргүзүлүүдө. Анын алкагында түндө көчөдө жүргөн балдарга, ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилүүдө. Белгилей кетсек, рейд иштери 28-февралдан 3-мартка чейин улантылып, шаардын бардык аймагы текшерүүгө алынат.

Кененирээк

Күзөт кызматы: Камчыбек Ташиевдин коопсуздугун камсыз кылуу уланат

Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасы Сыргак Бердикожоев Камчыбек Ташиев мамлекеттик кайтаруудагы адам экенин жана мындан ары дагы анын коопсуздугун камсыз кылуу уланарын билдирди. “Социалдык тармактарда Камчыбек Ташиевдин коопсуздугу боюнча жарандар билдирип жаткан тынчсыздануулар тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан эске алынууда. Президент Садыр Жапаров тиешелүү тапшырмаларды берди.Камчыбек Ташиев мурда кайтарууга алынган адам болгон жана анын жеке коопсуздугун камсыз…

Кененирээк

Москвада ЖККУ жетекчилеринин жолугушуусу өттү

Москва шаарында ЖККУнун Башкы катчысы Таалатбек Масадыков Россиянын коргоо министри, ошондой эле ЖККУнун Коргоо министрлер кеңешинин төрагасы Андрей Белоусов менен жолугушту. Жолугушууда Уюмдун жоопкерчилик аймагындагы жана чек араларындагы саясат жана коопсуздук маселелери, ошондой эле союздаш өлкөлөрдүн аскердик потенциалын чыңдоо темалары талкууланды. Таалатбек Масадыков 2026-жылга карата пландалган иш-чаралардын жүрүшү тууралуу маалымат берип, Россиянын ЖККУга төрагалык кылуусунун…

Кененирээк