Эртең Бириккен Араб Эмираттарында жүргөн алгачкы 360 кыргызстандык Мекенге кайтат
Бириккен Араб Эмираттарында (БАЭ) жүргөн алгачкы 360 кыргызстандык 5-мартка караган түнү жана ошол эле күнү эртең менен Оман аркылуу эки репатриациялык каттам менен мекенине кайтарылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев билдирди. Анын айтымында, эвакуациялоодо биринчи кезекте аялдар, балдар жана улгайган жарандар чыгарылат. Учурда дипломатиялык өкүлчүлүктөр жарандарды чогултуп, аларды…

