Депутаттар БШКнын мүчөлөрүнүн санын кыскартуу сунушун колдоду
Жогорку Кенеш Борбордук шайлоо комиссиясынын курамын кыскартуу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Депутат Нурбек Сыдыгалиевдин айтымында, долбоорго ылайык Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн саны 12ден 7ге чейин кыскартуу сунушталууда. 3 мүчө — президенттин квотасы менен 4 мүчө — парламенттин квотасы менен шайланмак. Бирок экинчи окууда кызыкчылыктар кагылышпашы үчүн мүчөлөрдүн санын 8 кылып бекитүү сунушу айтылды….

