Көкпар: Кыргызстан Монголияны ири эсепте утуп алды
Көчмөндөр оюндарынын алкагында көкпар мелдешинде алгач Кыргызстан менен Монголиянын командалары беттешти. Анын жыйынтыгында кыргызстандыктар 12-1 эсебинде жеңишке жетишти. Эми оюн талаасына саат 10:00дө Россия менен Венгриянын курамалары чыгат.


