Бишкекте мечиттер КМДБнын балансына өткөрүлүп берилүүдө

Бишкекте мечиттерди документтештирип, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү иштери уланууда. Муфтияттын маалыматына караганда, Ленин районунда имамдар жана мечит ээлери менен көчмө жолугушуулар өттү. Сөз жеке менчик жер тилкелеринде жайгашкан мечиттер тууралуу болуп жатат. Башкы имам-хатиб Сүйүнөлү ажы Кулуев хатибияттын кызматкерлери менен бирге документтерди тариздөө, объектилерди КМДБнын балансына коюу жана тиешелүү күбөлүктөрдү алуу тартибин…

Кененирээк

Бүгүн Кадыр түн — Ыйык түндү кантип өткөрүү керек

Быйыл Кадыр түн 16‑марттан 17‑мартка караган түнү белгиленет. Эреже боюнча ал Орозо айынын 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү белгиленип, мусулмандар үчүн эң ыйык деп эсептелет. Бул түндү тосууда адатта көп намаз окуп, Куран окуп, дуба кылуу жана кечирим сурап тиленүү сунушталат. Мечитте же үйдө ибадат кылуу керек, бош сөздөн жана көңүл ачуучу нерселерден алыс болуу зарыл.

Кененирээк