«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды

11-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда кабыл алынды. Демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы. Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын колдонуудагы системасын ирээтке келтирүүгө, мамлекеттик сыйлыктарды жана ардак наамдарды ыйгаруу маселелерин жөнгө салуу жаатындагы укуктук ченемдерди актуалдаштырууга жана өркүндөтүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасында…

Кененирээк

Садыр Жапаров бир катар кызмат адамдарына жогорку аскердик жана атайын наамдарды ыйгарды

Жарлыктарга ылайык, Улан Ниязбеков милициянын генерал-полковниги болду. Ал эми Жумгалбек Шабданбеков генерал-лейтенант наамын алды. Мындан тышкары, Акылбек Намазов, Уранбек Шадыбеков, Тариэл Отонбаев, Талайбек Шаршеев, Талантбек Талипов жана Алишер Эрбаев генерал-майор наамына татыды. Ал эми Малик Бектургановго юстициянын генерал-майору атайын наамы ыйгарылды.

Кененирээк

Маркум Чубак ажы Жалиловго «Кыргыз Республикасынын баатыры» наамын ыйгаруу сунушталды.

Президент Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Талантбек Ташибековду кабыл алды. Алар аталган мекеменин 30 жылдыгын белгилөө тууралуу маектешти. Ташибеков эмгек сиңирген дин ишмерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо маселесин кароону өтүндү. Президент ага макулдугун билдирип, Чубак ажы Жалиловго «Кыргыз Республикасынын баатыры» деген наамды ыйгаруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Кененирээк