Сузак жана Чаткалдагы окуучулардын өлүмүнөн кийин милиция кызматкерлерине карата кызматтык иликтөө башталды
Бул тууралуу ИИМдеги маалымат жыйында билдиришти. Ошондой эле балдар тарабынан жасалган кылмыштардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 41%га азайганы айтылды. Эки райондо тең окуучулар токмок жеп каза болушкан. Чаткалда төрт шектүү кармалса, Сузакта чоң класстын эки окуучусу кармалган.


