Ошто 1-класстын 73%ы орус тилин тандады

Ош шаарында быйыл 10 миңден ашык бала 1-класска кабыл алынды. Алардын 73%ы орус тилдүү класстарда билим алууну тандаган. Кыргыз тилдүү класстар үчүн 4 330 орун бөлүнүп, анын 2 790у толгон. Орус тилдүү класстарда 7 866 орун каралып, анын 7 613ү ээленди. Ош шаардык мэриясынын маалыматына караганда, 1-класска кабыл алынган балдардын саны дагы өзгөрүшү мүмкүн.

Кененирээк

Кыргызстанда орус тилин окуткан мугалимдердин саны көбөйтүлөт

Учурда республикада 180ге чейин орус тили жана адабияты мугалимдери иштеп жатат. Бул тууралуу «Россия 24» телеканалына Россия Федерациясынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Вакунов билдирди. Анын айтымында, азыр Кыргызстанда орус тилинде окуткан тогуз жалпы билим берүүчү мектепти куруу боюнча ири президенттик долбоор ишке ашырылууда. «Жыл сайын Кыргыз Республикасында орус тили жана адабияты боюнча…

Кененирээк

Бишкектин Билим берүү департаменти сабактарды эки тилде окутууну көздөөдө

Мекеменин башчысы Рахат Мусаева жаңы конуштарда ачылган орус тилдүү класстарда билим берүүнүн деңгээли төмөн болуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, орус класстар үчүн 400дөн ашык мугалим жетишсиз. “Предметтик мугалимдер жетишсиз болууда. Ушуга байланыштуу Билим берүү департаменти Агартуу министрлигине класстарды кыргыз жана орус тилдүү деп бөлбөстөн, айрым сабактарды эки тилде окутуу сунушун киргизген. Демилгеге ылайык, сабактардын бир…

Кененирээк