Кытайдын элчиси: Кыргыз-кытай кызматташуусунун «алтын доору» башталды

9-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин менен жолугуп, эки өлкөнүн кызматташтыгы жана парламенттер аралык байланыштар тууралуу сүйлөштү. Элчи Кытай жетекчилиги Кыргызстан менен алакага чоң маани берерин айтып, кыргыз-кытай кызматташуусунун «алтын доору» башталганын белгиледи. Жолугушууда энергетика, инфраструктура жана өндүрүш тармактарындагы иштер, инвестициялык долбоорлорду илгерилетүү жана маданий байланыштарды чыңдоо маселелери да талкууланды.

Кененирээк

Кыргызстан менен Тажикстандын соода жүгүртүүсү 24 эсеге өсүп, 36 млн долларды түздү

2025-жылы Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы товар жүгүртүү 36 млн долларды түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу дээрлик 24 эсеге көбөйгөнү айтылды. Бул тууралуу 13-февралда Бишкекте МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев менен Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзоданын жолугушуусунда маалымдалды. Адылбек Касымалиев соода жүгүртүүнү 500 млн долларга жеткирүү милдети коюлганын белгилеп, Кыргызстан бул максатка жетүүгө даяр экенин айтты. Кыргыз-тажик Өкмөттөр аралык кеңешинин…

Кененирээк