Жогорку Кеңештин коомдук кабылдамасында кайрылуулар эми оозеки да кабыл алына баштайт

Буга чейин кайрылуулар текст түрүндө гана кабыл алынчу. Эми аудио кайрылуулар жасалма интеллект аркылуу текстке айланып, тиешелүү депутатка жөнөтүлөт. Кабылдамада жарандар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, балалуу энелер үчүн атайын бөлмө да каралган. Ошондой эле кайрылууларды кабыл алуу жана кароо системасы жаңыртылып, процессти ыкчамдатууга шарт түзүлдү. Төрага Марлен Маматалиев жаңы кабылдаманын ишин текшерип, биринчи болуп келгендерди…

Кененирээк

Жогорку Кеңештин төрагасы кызматтан кетерин жарыялады

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу 12-февралда кызматтан кетерин жарыялады. Ал мындай чечимди кадрдык алмашууларга байланыштуу кабыл алганын айтты. Бул жеке чечими экенин, эч ким кысым кылбаганын кошумчалады. Нурланбек Тургунбек уулу бул кызматты 2022-жылдан бери аркалап келген. Мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгында ал 2025-жылдын декабрында кайра шайланган.

Кененирээк