Кыргызстанда тамеки жана стиктер кымбаттайт

Министрлер кабинети тамекилерге жана тамеки стиктерине жаңы минималдуу бааларды белгиледи. 2027-жылдын 1-январынан тартып бир кутунун баасы кеминде 135 сом болушу керек. Андан кийин минималдуу баа 2028-жылы 150 сомго, ал эми 2029-жылдан тартып 165 сомго чейин көтөрүлөт. Бул чечим калктын ден соолугун коргоо зарылдыгы менен түшүндүрүлдү. Бааларды Мамлекеттик салык кызматы көзөмөлдөйт.

Кененирээк