Ош эл аралык аэропортунда биринчи жолу Ташкент – Ош багыты боюнча түз аба каттамы аткарылды

Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде облустук жетекчиликтен маалымдашты. «Кыргызстан аэропорттору» ишканасы Өзбекстандын Ташкент шаары менен Кыргызстандын Ош шаарынын ортосунда Centrum Air авиакомпаниясынын түз аба каттамы ачты. 1-апрелде алгачкы учуу аткарылып, 95 жүргүнчү тейленди. Ташкент-Ош багыты боюнча буга чейин түз авиакаттам болгон эмес. Мындан ары жаңы учуулар ар жуманын шаршемби жана ишемби күндөрү жүргүзүлөт.

Кененирээк

Сезим Жуманазарова Ташкенттеги турнирде атаандашын жеңди

Кыргызстандык балбан Ташкентте өтүп жаткан PWL күрөш лигасынын турниринде өзбекстандык Лайлохон Собированы 9:3 эсеби менен жеңип алды. Балбандар 59 кг салмак категориясында күч сынашты.

Кененирээк

Кыргызстан Ташкентте салык реформаларынын ийгилиги менен бөлүштү

КР Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов Ташкент шаарында өткөн Кавказ, Борбордук Азия жана Монголия өлкөлөрүнүн салык ведомстволорунун жетекчилеринин III форумуна катышты. Форумдун башкы темасы — көмүскө экономика менен күрөшүү жана салыктык башкаруунун заманбап ыкмаларына өтүү болду. Кыргызстан бул багыттагы өз тажрыйбасы менен бөлүштү: ашыкча көзөмөлдөн баш тартып, санариптик кызматтар аркылуу ишкерлер менен…

Кененирээк