Жоламан Шаршенбеков Азия оюндарында алтын медаль утту

Кыргыз балбаны грек-рим күрөшүнөн 60 килограммга чейинки салмак чениндеги финалдык беттеште өзбекстандык спортчу Алишер Ганиев менен кез келди. Жыйынтыгында 7:5 эсебинде утуп, алтын медалга ээ болду.Ал 60 кг чейинки салмакта 1/4 финалдык беттеште Түркмөнстандын балбанын 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, жарым финалга чыккан болчу.Бул Азия оюндарындагы Кыргызстандын алгачкы алтын медалы. Мелдеш Япониянын Нагоя шаарында өтүп…

Кененирээк

Эркин күрөш боюнча дагы эки спортчу коло медаль тагынды

Кечее, 11-апрелде килемге чыккан Жакшылык Байташов кичи финалда тажикстандык Сомонжон Икромовду жеңип алды. Балбандар 79 кг чен бирдигинде күрөшүп, беттеш 6:0 эсебинде кыргыз спортчусунун жеңиши менен аяктады. Ал эми бүгүн, чемпионаттын акыркы күнүндө балбан Яков Чаплин 92 кг салмакта коло медалдын ээси болду. Үчүнчү орун үчүн болгон ал беттеште кытайлык Хаде Айидусини 6:4 эсебинде утуп…

Кененирээк

Акжол Махмудов япониялык атаандашын 19:6 эсебинде утуп алды

Балбандар Ташкентте өткөн PWL турниринде күч сынашты. Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Олимпиада оюндарынын чемпиону Нао Кусаканы 19:6 эсебинде жеңип, беттешти мөөнөтүнөн мурда жыйынтыктады.

Кененирээк

Акжол Махмудов болгариялык Айк Мнацаканянды жеңди

Бишкектеги Кичи аренада күрөш боюнча Super 4 Wrestling эл аралык турнири өттү. Мелдештин байге фонду 300 миң доллардан ашат. Турнирдин атайын беттешинде Акжол Махмудов 82 кг салмакта болгариялык Айк Мнацаканянды 5:2 эсебинде утуп алды. Натыйжада Махмудов 10 миң доллар, Айк Мнацаканян 5000 доллар утту. Бул балбандардын ортосундагы жеке эсеп буга чейин 2:2 болчу. Мындан тышкары…

Кененирээк