Кыргыз-тажик чек арасына зым тартуу иштери жанданды

Быйыл кыргыз-тажик чек арасынын 200 чакырым аралыгын тосуу пландалууда. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинен Баткен району боюнча 65 чакырым, Лейлек району боюнча 135 чакырымды түзөт.Белгилей кетсек, 2025-жылы чек араны инженердик тосуу иштери дээрлик 150 чакырым аралыкта аткарылган.

Кененирээк

Мамлекеттик чек ара кызматы УКМКнын курамынан чыгарылды

Мындан ары Чек ара кызматы УКМКга карабайт. Дегеле Кыргызстандын тарыхында Чек ара кызматы бир нече жолу ушундай өзгөртүүлөргө туш болуп жатат. Акыркы жолу 2020-жылы, бийликке Садыр Жапаров келип, УКМК төрагалыгына Камчыбек Ташиев дайындалганда Чек ара кызматы УКМКга бириктирилген болчу. Мындан ары кызмат өз алдынча орган болот жана анын башчылыгында мурдагы эле жетекчи — Абдикарим Алимбаев…

Кененирээк

Кыргыз-Кытай чек арасы убактылуу жабылат

УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, «Эркечтам» өткөрмө бекети 15-февраль кечки саат 8ден 19-февралга чейин, «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пункту 17-февралдан 20-февралга чейин жабык болот. Бул убакыт аралыгында адамдар, транспорт каражаттары жана жүк өткөрүлбөйт. Мунун себеби Кытайда Жаз майрамын белгилөөгө байланыштуу.

Кененирээк