Сергей Безруков Чыңгыз Айтматов тууралуу көркөм тасмага тартылууда

Белгилүү актёр Сергей Безруков Чыңгыз Айтматов тууралуу тартылып жаткан көркөм тасмага катышууда. Ал Россия мамлекеттик китепканасында тартылган видеону бөлүшүп, режиссёр Каныбек Калматовдун «Айтматов» долбооруна жардам берип жатканын билдирди. Режиссёрдун айтымында, Сергей Безруков анын дебюттук тасмасында роль да жаратат. Каныбек Калматов фильм 22-октябрда прокатка чыгарын белгиледи.

Кененирээк

Астана шаарында Чынгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесине арналган маданий иш-чаралар өтүүдө

Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармония Астана шаарындагы Калибек Куанышбаев атындагы Казак улуттук музыкалык-драма театрынын сахнасында Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде коюлган «Раймалы менен Бегимай» жана «Жамийла» этно-мюзиклдерин тартуулоодо. 17-март күнү театрдын сахнасында «Раймалы менен Бегимай» этно-мюзикли көрсөтүлдү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Казакстандын илим жана жогорку билим берүү министри Нурбек Саясат, Кыргыз Республикасынын маданият,…

Кененирээк