Кыргызстанда өнөр жай зоналары түзүлөт
«Өнөр жай зоналары жөнүндө» мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документ өндүрүштү өнүктүрүү, инфраструктура куруу жана инвестиция тартуу үчүн атайын аймактарды түзүүнү карайт. Өнөр жай зонасын түзүү чечимин Министрлер кабинети кабыл алат. Анда аймактын өзгөчөлүктөрү, инфраструктура муктаждыгы, каржылоо булактары жана потенциалдуу инвесторлор көрсөтүлүшү керек. Зоналар шаар ичинде да, сыртында да жайгаша алат. Жер тилкелери талашсыз болуп,…

