Британияга жумушка баруу каалоосун 7 саатта 26 миң кыргызстандык билдирди
14,7 миң кыргызстандык Улуу Британияда сезондук жумушка тандоонун биринчи этабынан өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Эмгек министрлигине караштуу жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борбору Британиянын айыл чарбасында сезондук ишке орноштуруунун программасына катышууну каалаган кыргызстандыктарды «Hops Labor Ltd» оператору аркылуу онлайн-каттоодон өткөрдү. Жети сааттык каттоодо 26 миң 170 адам…

