Ош Пирим

Акжол Махмудов күмүш байге утту

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов () Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында күмүш байге утту.Махмудов таймашты чейрек финалдан баштап, биринчи беттешинде казакстандык балбанды уткан. Андан кийин ирандык спортчуну жеңген.Алтын үчүн Махмудов япониялык Нао Кусака менен 77 кгда күрөшүп, 2:4 эсебинде жеңилди. Натыйжада ал Азия чемпионатынын күмүш байгесине ээ болду.Эскерте кетсек, буга чейин Махмудов Азия чемпионатында…

Кененирээк

“Ден соолук кербени” Баткен элин акысыз медициналык кароодон өткөрүүдө

“Ден соолук кербени” Баткен облусунда акысыз медициналык кызмат көргөзөт. Бүгүн кербен, Суу-Башы айыл өкмөтүнө караштуу Апкан айылынын элин акысыз медициналык кароодон өткөрүп жатат. Бул «Примов» фонду тарабынан ишке ашып жатат. “Примов” фондунун “Ден соолук кербени” көчмө клиникасы заманбап медициналык апараттар менен ыктыярчы дарыгерлердин коштоосунда 15 апрелден тарта Баткен облусунун аймагын кыдырып кызмат көргөзүшөт. Акысыз текшерүү…

Кененирээк

Айсулуу Тыныбекова 6-ирет Азия чемпиону болду

Айсулуу Тыныбекова 6-ирет Азия чемпиону болду. Ал Бишкекте өтүп жаткан Күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалында япониялык балбан Сакура Мотокини 9:6 эсебинде утту. Чечүүчү беттешке чейин Тыныбекова Кореядан жана Монголиядан келген атаандаштарын жеңип алган. Айсулуу Тыныбекова 2016, 2017, 2019, 2021, 2023-жылы Азия чемпиону болгон.

Кененирээк

АКШда биринчи жолу Кыргызстандын этномаданий көргөзмөсү ачылды

Чикагодо Кыргызстандын АКШдагы биринчи этномаданий көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.Көргөзмөгө кыргыздын маданиятынын жана тарыхынын көп түрдүүлүгүн чагылдырган түрдүү экспонаттар коюлган.Бул иш-чара Кыргызстандын маданияты менен каада-салттарынын чыныгы майрамына айланып, АКШдагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн да, бардык маданият жана искусство сүйүүчүлөрүнүн да көңүлүн бурду.Иш-чара Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугунун колдоосу менен «Kyrgyz Community Center» кыргыз…

Кененирээк

Бала бакчадагы тамак-аш төлөмү мурдагы боюнча калды

Депутаттар бала бакчалардагы тамак-ашты ата-энелер гана төлөгөн норманы алып салды. Демилгени депутат Элвира Сурабалдиева баштаган бир нече депутат иштеп чыккан. «Билим берүү жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоору Жогорку Кеңештин 11-апрелдеги жыйынында үчүнчү окууда кабыл алынды. Баяндама жасаган Социалдык саясат боюнча комитеттин төрайымынын орун басары Аида Исатбек кызы мыйзам долбоорунун максаты мектепке чейинки билим берүү боюнча…

Кененирээк

Битир садаканы орозо айтка чейин берүү керек

Кыргызстанда 10-апрелде Орозо айт белгиленет. Ага чейин Орозо айындагы битир-садаканы берүү керек. Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы быйыл битир-садака киши башына 50сомдон 850 сомго чейин туура келет деп бекиткен. Азык-түлүктүн баасы туруксуз болгондуктан алардын салмагына басым жасоо керек. Эске салсак, Муфтият Орозо айында чогулган акчанын эсебинен жардамга муктаж жарандарга каражат таратып берет.

Кененирээк

Өлкөдө күйүүчү-майлоочу майдын басы көтөрүлдү

КРнын Улуттук статистикалык комитети Кыргызстанда апрель айынын башына карата күйүүчү-майлоо майдын орточо баасын жарыялады.Ага ылайык, азыркы учурда АИ-95 маркасындагы күйүүчү-майдын литри — 71,48 сомдон сатылууда, март айында 70,19 сом болгон. Ал эми АИ-92 — 64,64 сомдон сатылып жатат, бензиндин бул түрү март айында — 63,25 сомдон сатылган.Учурда АИ-80дин орточо баасы — 58,35 сомдон болсо, мартта…

Кененирээк

Аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө жардам көрсөтүлдү  

Алай райондук социалдык бөлүм тарабынан аз камсыз болгон 2000 үй бүлө аныкталган. Бүгүн улуу орозо айынын «Кадыр түн» кечесинде белектер Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов жана «Примов» фонду тарабынан ээлерине тапшырылды. Баштыктарды тапшыруу алдында Жогорку кеңештин депутаты Улан Примов; «Урматтуу бүгүнкү кеченин катышуучулары, сиздерди ыйык орозо айы менен куттуктайм. Бүгүнкү колдоолор буга чейин да болгон,…

Кененирээк

Алай районундагы 70 имамга диний китептер тапшырылды

Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов «Примов» фонду менен Алай районундагы 70 имамга азык-түлүк баштыкчасы жана диний китеп тапшырды. Иш чара Алайдын Гүлчө айылындагы борбордук мечитте өттү. Жогорку кеңештин депутаты Улан Примов өз сөзүндө “Урматтуу момун мусулман бир туугандарым, биздин жолугушуубуз орозонун касиеттүү кадыр кечесине туура келгенине кубанычтамын. Буйруса бүгүн кадыр түндү чогуу өткөрөбүз. Китептерди окуп…

Кененирээк

Алайдагы памирлик кыргыздар атайын кесиптерге окутулат

Үстүбүздөгү жылдын 8-апрелинен тарта Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айылындагы №67 кесиптик лицейде памирлик кыргыздар электр газ ширетүүчү, айдоочулук, тигүүчүлүк кесиптери боюнча окутула баштайт. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, 4-апрелде аталган кесиптик лицейдин администрациясы жана өндүрүштүк окутуунун устаттары Афганистандан көчүрүлүп келген памирлик кыргыздар менен жолугушуу өткөрүп, лицейде окуй тургандардын тизмесин түздү. Лицейдин администрациясы…

Кененирээк