Ош Пирим

Баткенде вакциналарды сактоочу кампа ачылды

Баткен райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпид көзөмөл борборунда вакциналарды сактоочу кампа ачылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдады.Имараттын ачылуусуна Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты. Курулуш Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун аркасында бүткөрүлдү.

Кененирээк

2024-жылы пенсия канча пайызга көбөйөөрү айтылды

Келерки жылы пенсия дагы жогорулайт. Ал үчүн 970 млн сом каралган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди. Айтымында, пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 7%га көтөрүү пландаштырылууда. “2024-жылдын 6 айынын жыйынтыгында камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүүсүн карайбыз, эгер алар көбөйсө, пайыздын санын жогорулатабыз”, — деп кошумчалады ал.

Кененирээк

Өзгөн шаарына айланма унаа жолу курулат

Ош-Бишкек жолунун Өзгөн шаарына туура келген тилкеси эми шаарды аралабай сыртынан өтөт. Аталган тилкеге жол куруу ишин баштоо үчүн жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду.Азыркы учурда Бишкек – Ош авто жолунда, Өзгөн шаары аркылуу өтүүчү тилкесинде жол кыймылынын көптүгү байкалууда. Ушуга байланыштуу айланма жолду куруу зарылдыгы келип чыккан.Президенттин жарлыгына ылайык жолду куруу Министрлер Кабинетине 2024-жылдын…

Кененирээк

Айсулуу Тыныбекова “Дүйнөнүн мыкты балбаны”аталды

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) версиясы боюнча аялдар күрөшүндө 2023-жылдагы “Дүйнөнүн мыкты балбаны” аталды. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтында маалымдалды. Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова бул жылы 3-жолу Дүйнө чемпиондугун, 5-жолу Азия чемпиондугун жана ошондой эле Азия оюндарында коло медаль жеңип алган. Натыйжада Айсулуу Тыныбекова 95 миң…

Кененирээк

2024-жылы өлкөнүн энергетика тармагына 55 млрд. сом бөлүү пландалууда

Келээрки жылы Кыргызстандын энергетика тармагына 55млрд сом бөлүү пландалууда. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди. Министр маалымдагандай, алдыдагы эки жылда бул тармак өз убагында каржылоонун аркасында ишке ашырылып жаткан долбоорлордун акталышынын эсебинен карызын азайта алат. Ошондой эле Бакетаев 2023-жылы капиталдык салымдардын жалпы көлөмү 26 млрд сомдон ашыгыраак болгонун белгиледи….

Кененирээк

Баткенде логистикалык борбор курулат

Баткендин Ак-Татыр айылына логистикалык борборду куруу пландалууда. Курулушка жалпы 22млн сом каралган. Бул каражаттар облусту өнүктүрүү программасынын алкагында районго бөлүнгөн 125 млн сомдун эсебинен сарпталат. Мындай маалыматты жергиликтүү бийликтен билдиришти. Ошону менен катар Логистикалык борбордун курулушу менен 500 тоннага жакын азык-түлүктү, жашылча-жемиштерди кургатуу, сактоо, таңгактоо жана тоңдуруу үчүн шарттар түзүлөт. Анын алкагында жаңы жумуш орундары…

Кененирээк

34 жыл «аралыкка» багынбаган агартуучулук

Каныкей Ыдырысова 53 жашта, Кара-Кулжа районуна караштуу Ничке-Суу айылынын тургуну. Ал 4 чакырым жолду жөө басып, Терек-Суу айылындагы мектепке жумушуна барат. Жол катар 4 мезгилге карабай ээн-талааны жана тоолорду аралап өтөт. Мектепсиз жашоосун элестете албаган каарманыбызга бул жол 34 жылдан бери тааныш. Ничке-Суу айылында башталгыч класс гана бар болгондуктан өзүнүн 5 баласы менен кошо Терек-Суу…

Кененирээк

Бир жумада 13 миң 967 жол эрежесин бузуу учуру катталды

Кыргызстандын аймагында 11нен 17-декабрга чейинки аралыкта 13 миң 967 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан (ЖКККББ) билдиришти.Маалыматка ылайык, анын ичинде мас абалында унаа башкарган 230 учур катталган. Андан тышкары:тийиштүү документтери жок унаа башкаруу — 195;автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 35;жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 980;транспорт каражаттарынын…

Кененирээк

Алмата-Бишкек жолунда кар күрткүгө кабылган 16 жаран куткарылды

Алмата-Бишкек жолунда кар күрткүгө кабылып жол жүрө албай калган Кыргызстандын 16 жараны куткарылды. Алар 11:40та Казакстандын Отар айылынан Кордайды көздөй жөнөтүлдү. Жеринде подполковник Ырысбек Жолдошбаев жетектеген кыргыз куткаруучулары кечиктирилгис куткаруу иш-чараларын улантышууда. Кыргызстан тарап Аламүдүн районундагы Ак-Жол өткөрмө постунда жайгашкан «Бишкек-Алмата» кафесинде 150, Свердлов районундагы “Эне-Сай” жаңы конушундагы №21 орто мектебинде 150 жана Октябрь районундагы…

Кененирээк

Өлкөдө 30 дан ашык чакан ГЭС ишке кирет

Өлкөдө 30 дан ашуун чакан ГЭС ишке кирет. Ал үчүн чымырканган аракеттер көрүлүп жатканын Президент Садыр Жапаров II Элдик курултайда сүйлөп жатып билдирди. Анда өндүрүштү кескин көбөйтүү (Токтогул, Камбар-Ата-2, Үч-Коргон ГЭСтери) максатталып жатканы жана жаңы ГЭСтерди, шамал, күн станцияларын курууга (Казарман, Чаткал, Суусамыр-Көкөмерен, Сары-Жаз, Куланак ГЭСтери) аракеттер көрүлүп жатканын белгиледи.Ошондой эле Энергетика министрлигине бул жылы…

Кененирээк