Келээрки жылы Кыргызстандын энергетика тармагына 55млрд сом бөлүү пландалууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди.

Министр маалымдагандай, алдыдагы эки жылда бул тармак өз убагында каржылоонун аркасында ишке ашырылып жаткан долбоорлордун акталышынын эсебинен карызын азайта алат.

Ошондой эле Бакетаев 2023-жылы капиталдык салымдардын жалпы көлөмү 26 млрд сомдон ашыгыраак болгонун белгиледи. Кийинки жылы бул көрсөткүч сакталат.

“Биринчи этапта биз бюджеттен 8 млрд сом караганбыз. Бирок, бүгүнкү күндө Финансы министрлигинде бул көлөмдү көбөйтүүгө мүмкүндүк бар”, – деди ал.

Бул каражаттар ирригациялык тармактарды каржылоого, ошондой эле суткалык жана он күндүк жөнгө салуу бассейндерин (БСР жана БДР) курууга, ар кандай тармактар үчүн жабдууларды сатып алууга, ошондой эле банктарды жана бизнес түзүмдөрдү капиталдаштырууга жумшала турганын тактады.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *