Өлкөдө тик-ток тиркемеси жакынкы арада жабылбайт. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу байланыш тармагын тескөө жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Алтынбек Токторбаев билдирди.
Министр Кыргызстанда аталган тиркемени жабуу өтүнүчү, 2023-жылдын августунда түшкөндүгүн эске салды. Мындай чара балдардын адеп-ахлактык тарбиясына терс таасирин тийгизип, психологиялык саламаттыгына зыян келтирүүчү маалыматтардан коргоого багытталган.
«TikTok тиркемесин жабуу үчүн соттун чечими керек, бизге ал жок. Акыркы маалыматтарга караганда, учурда мобилдик тиркемени иштеп чыгуучулар менен КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ортосунда маселени тынчтык жолу менен чечүү максатында сүйлөшүүлөр жүрүп жатат«, — деди ал.
Токторбаев учурда тиркеме штаттык режимде иштеп жаткандыгын айтты.

