Баткендин Ак-Татыр айылына логистикалык борборду куруу пландалууда. Курулушка жалпы 22млн сом каралган.
Бул каражаттар облусту өнүктүрүү программасынын алкагында районго бөлүнгөн 125 млн сомдун эсебинен сарпталат. Мындай маалыматты жергиликтүү бийликтен билдиришти.
Ошону менен катар Логистикалык борбордун курулушу менен 500 тоннага жакын азык-түлүктү, жашылча-жемиштерди кургатуу, сактоо, таңгактоо жана тоңдуруу үчүн шарттар түзүлөт. Анын алкагында жаңы жумуш орундары да пайда болот.

