Чет өлкөдө жүргөн мигранттардын маалымат базасы түзүлөт

Чет өлкөдөгү кыргыз мигранттары тууралуу жаңы электрондук маалымат базасы түзүлөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин биринчи орун басары Нурдөөлөт Базарбаев “Мигранттарга камкордук” пилоттук долбоорунун Жалал-Абад облусунда жыйынтыгын текшерип жатып билдирди.


Долбоордун алкагында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 6 айыл аймагында үймө-үй кыдыруу учурунда чет өлкөдө эмгектенген жарандар тууралуу маалыматтар чогултулган.
Бүгүнкү күндө 6 миңден ашуун эмгек мигранттарынын үй-бүлөлөрү маалымат базасына киргизилген, бул миграция жаатындагы статистиканы так көзөмөлдөөгө, калктын арасында коопсуз миграцияны илгерилетүү жаатында тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн мамлекетке мүмкүнчүлүктөрдү берет.
Иш-чарага ошондой эле Жалал-Абад облусунун акимдери жана акимдердин орун басарлары катышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *