Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов тарабынан демилгеленген “Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу” долбоорун экинчи кошумча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралып, колдоого ээ болду.


Анын алкагында 40 мектепти оңдоп-түзөө жана куруу каралган. Негизги каржылоо менен 10 мектеп, кошумча долбоордук каржылоого 30 мектеп туура келет. Долбоор боюнча 40 мектептин курулуш-монтаждоо иштерине пландаштырылган каржылык каражат 43 миллион 648 миң 500 АКШ долларын түзөт. Бул долбоордун 2-компоненттине кетүүчү сумма. Ал эми долбоорду кошумча каржылоонун жалпы бюджети 55 миллион АКШ долларын түзөт жана ал 5 бөлүктөн турат.
Азыркы учурда аталган негизги долбоорду жана аны кошумча каржылоону Дүйнөлүк банк тарабынан ишке ашыруу боюнча жумуштар аткарылууда.


Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *