Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында “Каркыра” тоо-эс алуу комплексинин курулушун баштап берди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.


Мезгил кутусун салуу аземинин алдында инвесторлор долбоордун концепциясына ылайык, жыл бою иштей турган комплекс эл аралык деңгээлге жооп бере тургандай курулуп, ал эс алуу зонасы макамына ээ болоорун белгилешти.

Долбоордун инвестициялык бюджети 191 млн АКШ доллары өлчөмүндө жана алты этап менен курууга эсептелинген.

Кыргызстандын, айрыкча, Ысык-Көл өрөөнүнүн жайы эле эмес, кышы да өзгөчө керемет. Бир эле “Каракол” лыжа базасын ала турган болсок, КМШ өлкөлөрүндөгү кышкы эс алуу жайларынын ичинде алдыңкы орундарды ээлеп келаткандыгы, чет өлкөлөрдөн келген туристтердин бул лыжа базасына, дегеле, Ысык-Көлдүн кышкы жаратылышына суктанган пикирлеринин арбындыгы буга далил деп ойлойм. Мындан сырткары, ар жыл сайын “Каракол” лыжа базасына ички жана тышкы туристтердин келишине, узакка кезек күтүүлөрүнө баарыбыз эле күбө болуп жүрөбүз. Мындай шартта бүгүнкү “мезгил кутусу” салынып, пайдубалын түптөлүп жаткан жана төрт мезгил бою туруктуу иштей турган “Каркыра” тоо-эс алуу комплексинин курулушу мезгилдин талабы, туристтердин күткөн тилеги десем жаңылышпаймын”, — деди президент.


«Каркыра» тоо-эс алуу комплексинин долбоору орусиялык инвесторлордун колдоосу менен ишке ашырылып жатат. Долбоордун ишке ашырылышы — эки өлкө ортосундагы экономикалык жана маданий байланыштардын чыңдалышына чоң өбөлгө болуп бермекчи.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *