Бишкекте санитардык-гигиеналык кагаз чыгарган завод ачылганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.Анда министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров катышып, акыркы 5 жылда кагаздан жасалган буюмдарды Кыргызстанга импорттоонун көлөмү өскөнүн, үстүбүздөгү жылдын 9 айында эле 3,4 млн долларга 3,9 миң тонна санитардык-гигиеналык багыттагы кагаз продукциясы ташылып келингенин билдирди.


Биз мындай экологиялык жактан таза жана жогорку суроо-талапка ээ продукцияларды чыгаруучу ишканаларды ачуу менен кагаз буюмдарына болгон импорттук көз карандылыктын деңгээлин төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн көрүп жатабыз”, – деди Акылбек Жапаров.
Белгилей кетсек, санитардык-гигиеналык кагаз буюмдарын чыгарган заводду ачууга Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду менен ишкана ортосунда 3,2 млн долларга келишим түзүлгөн. Ишкана суткасына 25 тонна продукция өндүрөт, мында 125 адам жумуш менен камсыз болгон. Бул долбоорду ишке ашыруу Орусия менен соода-экономикалык мамилелер дагы бекемделээрин, анткени чийки заттын 70%зы Орусиядан алынарын билдирди.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *