«Барселона» клубу «Реал Мадридди» утуп, 16-ирет Супер кубокко ээ болду
«Барселона» клубу Испаниянын Супер кубогун экинчи жолу катары менен жеңип алды.Турнир 8-12-январь аралыгында Сауд Арабияда өтүп, ага төрт клуб катышты. 12-январга караган түнү Жидда шаарында «Барселона» менен «Реал Мадриддин» финалдык оюну өттү. Анда “Барселона” 3:2 эсебинде жеңишке жетип, тарыхында 16-ирет Супер кубокту утуп алды. Голдор: Рафинья, 36-мүнөттө(1:0), Винисиус, 45+2 (1:1), Роберт Левандовски, 45+4 (2:1), Гонсало…

