Бишкек кайрадан дүйнөдөгү абасы булганган ири шаарлардын алдыңкы үчтүгүнө кирди
Бишкек кайрадан дүйнөдөгү абасы эң катуу булганган ири шаарлардын алдыңкы үчтүгүнө кирди. Бул тууралуу абанын сапатын эл аралык мониторинг жүргүзгөн уюмдардын маалыматы тастыктайт. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын борбору учурда абанын сапатынын индекси (AQI) боюнча 281 балл менен үчүнчү орунда турат. Бул көрсөткүч «ден соолукка өтө зыяндуу» категориясына туура келет. Антирейтингдин биринчи сабында Пакистандын Лахор шаары жайгашып,…


