Ооганстандын Пакистан менен чек арасындагы соккудан үч киши каза болду
Ооганстан жана Пакистан чектешкен тилкеде кайрадан куралдуу кагылышуу болуп, ооганстандык үч жай тургундун өмүрү кыйылды. Бул тууралуу ооган өкмөтүн башкарып турган «Талибан» кыймылы билдирди.Окуя 12-августтун кечинде ортодогу «Торхам» көзөмөл-өткөрмө бекетине жакын жерде, Ооганстандын аймагында болгон. Пакистан жактан атылган миномет снаряды турак үйгө тийген.Талибдердин айтымында, пакистандык аскерлер ооган чек арачыларына каршы ок чыгарган.Каза болгондордун экөө балдар…

