Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы FIFA рейтингинде кайрадан алдыңкы жүздүккө кирди. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан кабарлашты.


4-апрелде FIFA уюмунун расмий сайтында футбол боюнча улуттук курама командалардын жаңыланган рейтинги чыкты. “Ак шумкарлар” төрт позицияга көтөрүлүп, капчыгында 6 упай менен 100-орунду ээледи.
Эске салсак, команда Азия кубогундагы жеңилүүлөрдөн кийин 104-орунга (февралда) түшкөн. Андан кийин улуттук курам 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында Тайбэй командасын эки жолу жеңген.
Азия футбол конфедерациясынын аймагында да төрт тепкич жылып, команда 17-орунда турат.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *