Гүлчө айылындагы «Марифхан уулу Жолборсхан Төрө ажы» атындагы мечитиндеги аксакалдарга Жогорку кеңештин депутаты Улан Примов жана «Примов» фонду менен азык-түлүк баштыкчалары тапшырылды. Иш чара касиеттүү «кадыр түн» кечесине туура келгендиги үчүн, «Кадыр кече» белеги деп аталды.






Жогорку кеңештин депутаты Улан Примов мечит жамаатындагыларга каалоо тилектерин айтып, өз сөзүндө:
«тапшырылган азык-түлүк баштыктарында эч кандай саясат жок, жөн гана «Примов» фондунун орозо айына карата белеги катары кабыл алыңыздар. Баштыктагы азык-түлүктөрдү үй- бүлөңуздөр менен шириндиктерди небере-чеберелериңиздер менен бир дасторкон үстүндө жеп, батааңвздарды бериңиздер»
деген сөзүн айтып, ак сакалдардын батаасын алды. Эске салсак, жогорудагы аты аталган мечитте жалпы 150 аксакалга азык-түлүк баштыкчалары тапшырылды.

