АКШнын Тегерандагы элчилиги америкалык жарандарды Ирандын аймагын дароо таштап кетүүгө чакырды. Билдирүүдө коопсуздук абалы кескин начарлаганы жана өкмөттүн жардамына ишенбестен өз алдынча чыгуу планы болушу керектиги айтылды.
Элчилик аба каттамдары жабылып калса, Армения же Түркия аркылуу кургактык чек арадан чыгуу мүмкүн экенин белгиледи. Ошол эле учурда Иранда АКШ жарандарынын кармалып калуу коркунучу өтө жогору экени эскертилди.
Америкалык паспортту же АКШ менен байланышты ачык көрсөтүү камакка алууга себеп болушу мүмкүн, деп баса белгиленди. Өлкөдөн чыга албагандарга коопсуз жайда калуу, азык-түлүк, суу жана дары-дармек камдоо сунушталды.
Бул эскертүү президент Дональд Трамп Иранга “абдан күчтүү сокку урулушу мүмкүн” деп билдиргенден кийин жасалды. АКШ Иран багытына USS Abraham Lincoln кемеси баштаган аскер кемелерин жөнөткөнүн да кабарлаган.

