«Газпром Кыргызстан» 2027-2028-жылдардагы жылытуу мезгилинде ТЭЦ-2ге газ бере баштоону пландап жатат.
Компания газ жеткирүү боюнча келишимге кол коюп, инвестициялык программаларын ошол мөөнөткө ылайыкташтырганын, ошондой эле коңшу өлкөлөр менен магистралдык транспорттук кубаттуулуктарды куруу боюнча макулдашуулар бар экенин билдирди.
Долбоордун максаты — электр энергиясынын тартыштыгын жоюу жана өндүрүш булактарын борбордон ажыратуу. ТЭЦ-2 совет доорундагы башкы планга ылайык Бишкектин түштүк-батыш бөлүгүн жылуулук жана ысык суу менен камсыздоо үчүн каралган.

