Пекинде Си Цзиньпин менен Дональд Трамптын жолугушуусу башталды

Бул — АКШ президентинин акыркы 9 жылда Кытайга жасаган алгачкы сапары. Кытай лидери эки өлкө атаандаш эмес, өнөктөш болушу керектигин белгилеп, кызматташуудан эки тарап тең утушта болорун, ал эми каршылашуудан зыян тартарын айтты. Трамп АКШ менен Кытайды алдыда “укмуштуудай келечек” күтүп турганына үмүт артарын билдирип, Вашингтон Пекин менен тең ата бизнес жүргүзөрүн убадалады. АКШ президенти…

Кененирээк

Түркия Кыргызстанда күн электр станцияларын курууга кызыкдар

Бул маселе Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев менен RHOFA Energy компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда каралды. Эми инвестициялык жана кызматташтык мүмкүнчүлүктөр мамлекеттик органдардын башчылары менен талкууланат.

Кененирээк

Дональд Трамп Венесуэланы АКШнын 51-штаты катары кошуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат

Fox News билдиргендей, март айында АКШ лидери бул тууралуу кыйытып айткан. Ошол учурда ал Венесуэланын бейсбол боюнча улуттук курама командасын Италияны жеңгендиги менен куттуктап, бул ийгиликти Каракастын АКШ менен болгон кызматташтыгынын жемиши катары баалаган.

Кененирээк

Россия федерациясынан алынып келе жаткан жүк артка кайтарылды

10-май күнү Россия Федерациясынан ташылып келе жаткан 36 м3 ийне жалбырактуу пиломатериалдарын текшерүү учурунда фитосанитардык сертификатта көрсөтүлгөн маалыматтар транспорттук (товарды коштоочу) документтерде көрсөтүлгөн маалыматтарга дал келбегендиги, башкача айтканда товарды алуучулардын ар башка дареги көрсөтүлгөндүгү аныкталган. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Чүй-Бишкек…

Кененирээк

Трамп согушту токтотуу боюнча сунушка Ирандын жообун кабыл албады

Трамп АКШнын жаңжалды жөнгө салуу боюнча сунушуна Ирандын жообу таптакыр кабыл алынгыс экенин билдирди. “Мен азыр эле Ирандын “өкүлдөрү” делген адамдардын жообун көрдүм. Мага жаккан жок, таптакыр кабыл алынгыс!” — деп Truth Social соцтармагына жазды. Press TV телеканалынын маалыматына ылайык, Тегеран АКШнын тынчтык сунушун четке каккан. Алар демилге “ашыкча талаптарга баш ийүүнү билдирет” деген пикирде….

Кененирээк

Москвада 9-майда мобилдик интернет толугу менен өчүрүлөт

Орусиянын Санарип өнүктүрүү министрлиги 9-майда Жеңиш күнүнө арналган иш-чараларда коопсуздугун камсыздоо максатында Москвада мобилдик интернет толук чектелерин расмий билдирди. “Майрамдык иш-чаралардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Москвада мобилдик интернет, SMS кат алмашуу кызматтары убактылуу чектелет”, —деп жазылат министрликтин билдирүүсүндө. Мекеме ошондой эле 7-8-май күндөрү Орусиянын борборунда коопсуздукка коркунуч жаралса, интернет “ыкчам тартипте” дагы чектелиши мүмкүн экенин…

Кененирээк

Россиялык дарыгер жана теле алып баруучу Андрей Продеус «Өчпөс оттун» бөлүкчөсүн Ошко алып келди

Акциянын максаты — Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы тарыхый эс тутумду сактоо. «Эскерүү оту» Москвадагы белгисиз жоокердин мүрзөсүндөгү “Өчпөс оттон” тутандырылган. Мындан ары ал өлкөнүн башка шаарларын да кыдырат.

Кененирээк

Россия 15 миң студентке ылайыкталган КРСУнун жаңы кампусунун курулушун каржылайт

Владимир Путин Кыргызстандагы Славян университети үчүн масштабдуу билим берүү комплексин түзүү жөнүндө келишимди ратификациялады. Долбоор кампусту Россиянын каражатынын эсебинен толук материалдык-техникалык жактан жабдууну карайт. Кыргызстандын өкмөтү, өз кезегинде, 30 гектардан кем эмес жер тилкесин бөлүп берүүгө жана болочок объекттерге бардык зарыл болгон инженердик коммуникацияларды туташтырууга милдеттенет. Жаңы шаарчанын инфраструктурасы жогорку технологиялык лабораторияларды, студенттер үчүн турак…

Кененирээк

АКШ Ормуз кысыгында калган кемелерди чыгаруу операциясын баштайт

АКШнын деңиз күчтөрү бүгүн Ормуз кысыгында кармалып турган чет элдик соода кемелерин коопсуз чыгара баштайт. Бул тууралуу президент Дональд Трамп Truth Social баракчасына жазды. Анын айтымында, Project Freedom деп аталган операция гуманитардык мүнөзгө ээ. Анын максаты Жакынкы Чыгыштагы жаңжалга тиешеси жок, бирок кысыкта калып калган кемелерге жана алардын экипаждарына жардам берүү. Трамп айрым кемелерде азык-түлүк,…

Кененирээк

Дагестандан Ош шаарына авиакаттам ачылат

Red Wings авиакомпаниясы Дагестандан Ош шаарына (Кыргызстан) түз каттамдарга билет сатууну баштады. Бул тууралуу «Это Кавказ» порталы жазды. Маалыматка ылайык, алгачкы учуу 3-июнда ишке ашат. «Жаңы эл аралык маршрут алгачкы жолу ачылып жатат. Бул Улуу Жибек жолунда жайгашкан Борбор Азиядагы эң байыркы шаарлардын бири — Ошко барууну кыйла жеңилдетет. Оштогу туристтерди өзүнө тарткан негизги жай…

Кененирээк