Күмүш коллекциялык тыйын жүгүртүүгө чыгат

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына карата “Кара- Кыргыз автономиялуу облусуна-100 жыл” күмүш коллекциялык монетасы жүгүртүүгө чыгат.Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Ага ылайык, тыйындын төмөн жагында ак илбирстин сүрөтү,монетанын номиналы”10 сом” чагылдырылган. Монетанын жогорку жагында Ала-Тоо түшүрүлгөн .Монетанын аркы бетинде оймо-чиймелердин ортосунда өлкөнүн герби жайгашкан. Төмөн жагында монета чыгарылган жыл –“2024” металлдын сапаты жана салмагы…

Кененирээк

«Үй-бүлөлүк жайкы көз ирмемдер» аттуу креативдүү фестиваль өттү

Ош шаарындагы Т.Сатылганов атындагы эс алуу багында «Үй-бүлөлүк жайкы көз ирмемдер» аталышындагы креативдүү фестиваль өткөрүлдү.Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара мэриянын колдоосу менен уюштурулду. Ага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров жана шаар тургундары катышты.Ошондой эле сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү уюштурулуп, келгендерге сүрөтчүлөр тарабынан мастер-класстар көрсөтүлдүБелгилей кетсек, фестиваль үй-бүлөлөрдүн мүчөлөрүнүн биргелешкен активдүү эс алуусун уюштуруу жана жайылтуу максатында өткөрүлдү.

Кененирээк

АКШ: Өспүрүмдөрдүн тобу Кыргызстандын жаранын тоноп кетишкен

АКШда өспүрүмдөрдүн тобу Кыргызстандын жаранына кол салып, аны тоноп кетишкен. Окуя Лос-Анжелесте болгон . Жабыркаган Шайлообек Базарбай уулу топтошкон адамдардын бири анын машинасына бөтөлкө ыргытканын ,автоунаасынан чыкканда балдар аны тегеректеп сабап башташканын айтты .Өспүрүмдөр кыргызстандык Шайлообек Базарбай уулунун бутун сындырып, жаңы машинасын талкалап, буюмдарын , паспорт, капчыгынан бери тоноп кетишкен.Бирок Лос-Анжелестин полициясы бул окуяга карата…

Кененирээк

Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиада оюндарында 2-орун алган үчүн дагы 50 миң доллар алат

Ал Францияда өткөн турнирде 57 кг салмакта күмүш байгеге ээ болгон.Бул жыйынтыгы үчүн ал мамлекеттен 10 миллион сом жана Киа EV 9 үлгүсүндөгү автоунаа алган. Спортчунун жетекчиси жана жеке машыктыруучусу жана Олимпиадалык кураманын дарыгерлери да акчалай сыйлык алышты.Кошумчалай кетсек, Сейитбек уулу Эл аралык бокс федерациясынан дагы акчалай сыйлык алат.

Кененирээк

УКМК: Ишкер Жалил Атамбаев менен мурдагы депутат Салайдин Айдаров кармалды

Уюшкан кылмыштуу топторду каржылоого шектелип ишкер Жалил Атамбаев жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Салайдин Айдаров кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, алар Салимбай Абдувалиев (Салимбай байбача) менен мамиле куруп, бизнесин калкалаткан. Жалил Атамбаев өзүнүн бизнес-империясын кеңейтүү максатын көздөп, Өзбекстандагы кылмыш дүйнөсүнүн лидери Салимбай Абдувалиев менен жакын мамиледе болгон. Өз кезегинде Абдувалиев Атамбаевге колдоо көрсөтүп,…

Кененирээк

Ошто жалпы 8 Милициянын көчмө кабылдамасы иш жүргүзүп жатат

Ош облусунун аймагында милициянын көчмө кабылдамалары жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге  коомдук жайларда жарандарды кабыл алышууда.Кызматкерлер жергиликтүү тургундардын ар кандай көйгөйлүү маселелерин чечүү боюнча жеринде иш алып барууда. Ал эми,  маселени чечүүдө убакыт талап кылган,  же болбосо башка мамлекеттик органдарга тиешелүү кайрылууларды тийиштүүлүгү боюнча  кат  жолдошуп, аткарылуусун көзөмөлгө алып жатат. Мындан сырткары,  жарандарга коомдук жайларда,…

Кененирээк

Бир аптада 195 мас айдоочу кармалды 

5-11-август аралыгында 19 941 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди. Алардын ичинен: -Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-545;-Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -195;-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-84;-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-727;-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-2910;-Авто ээнбаштык — 7;-Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 4424;-Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу…

Кененирээк

Түрк ашканасынын жумалыгы: 2024-жылы «Эгей даамдарын» өзгөчө даңазалайт!

Түшүмдүү байыркы салттарды кучагына алган Анадолунун бай гастрономиялык маданияты 2024-жылдын 21-майынан 27-майына чейин Түрк ашканасы жумалыгында дүйнө жүзү боюнча белгиленет.Жыл сайын өтүүчү түрк ашканасы жумалыгы түрдүү иш-чараларды жана социалдык медианы өзүнө камтыйт.Туруктуу түрк ашканасынын даамдуу, пайдалуу, салттуу жана ысырапкорчулуксуз рецепттери түрк ашканасынын жумалыгында ар кандай иш-чаралар менен белгиленсе, быйылкы эл аралык иш-чараларда түрк гастрономиясынын Эгей…

Кененирээк

Месопотамия Экспресс: Түркиянын жаңы жана популярдуу туристтик поезд маршруту

Түркиянын укмуштуудай кооздугун поезд менен изилдегиңиз келеби? Анда бул саякат үчүн, жаратылыш ойгонуп, Түркиянын ар бир бурчун укмуштуудай пейзажга айланткан жаз айлары өтө ыңгайлуу жана идеалдуу. Месопотамия Экспресс- Түркиянын эң жаңы туристтик поезд линияларынын бири, туристтерге эсте каларлык тажрыйбаларды алууга мүмкүнчүлүк берет. Түркиянын борбор шаары Анкарадан башталып, түштүк-чыгыштын жүрөгү Диярбакырда аяктаган Месопотамия экспресси, 1051 километрлик…

Кененирээк

Бельгияда «Кыргызстандын маданий күчү: Манас эпосу»макаласы 3 тилде жарык көрдү

Кыргызстандын Бельгиядагы элчилиги кыргыз элинин улуттук жана элдик чыгармачылыгын жана дүйнөлүк элдик поэзиянын шедеври болгон «Манас» эпосун жайылтуу иштерине өзгөчө көңүл бурууда. Элчиликтен билдиришкендей, жакында «Кыргызстандын маданий күчү: Манас эпосу» аттуу макалалар Бельгиянын бир нече журналдарында жана интернет булактарында англис, француз жана түрк тилдеринде басып чыгарылды. Макалада европалыктар үчүн кыргыз элинин кылымдарды карыткан тарыхынын казынасын,…

Кененирээк