Араванда жаңы бышкан картошка сатыкка чыкты

Араван райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынан билдиришкендей, учурда дыйкандар түшүмүн дүң баада сатып жатышат. Араван районунда 1665 гектар жерге картошка эгилген. Картошка негизинен бул өрөөндө 20-майларда бышат. Бирок, быйыл күндүн ысыгына байланыштуу эрте бышты. Дыйкандар түшүмүн жергиликтүү базарда жана Бишкек шаарында сатышат.

Кененирээк

Гүлчөдө селден улам өзгөчө кырдаал киргизилди

ӨКМ катуу жамгырдан улам аталган аймакта 92 үйдү жана 2 мектепти суу каптаганын билдирди. Кырсыктын кесепетин жоюуга жүздөгөн куткаруучу жана жергиликтүү тургундар тартылган. 27-апрель күнү аймакта сел жүрүп, 25 үйдүн короосун каптагандыгы айтылган.

Кененирээк

Кыргызстанда үйлөнгөндөр да, ажырашкандар да көбөйдү

2026-жылдын алгачкы эки айында Кыргызстанда 7,2 миң никеге туруу учуру катталган. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 350гө көп. Ошол эле учурда ажырашуулардын да саны өскөн. Эки айда 2,5 миңден ашуун үй-бүлө ажырашкан. Бул 2025-жылдын алгачкы айларына салыштырмалуу 10% көп.

Кененирээк

Быйыл Курман айт 26 же 27-майга туш келиши мүмкүн

Майрамдын так датасы салттуу түрдө ай календарына ылайык аныкталарын муфтияттан билдиришти. Курман айт — исламдагы эң негизги майрамдардын бири. Ал орозо аяктагандан кийин 70 күндөн соң белгиленет. Бул күнү айт намазы окулуп, курмандык чалынат. Былтыр Курман айт 6-июнда белгиленген.

Кененирээк

ЖКда жаңы үйлөнүүчүлөрдү никеге чейин медициналык текшерүүдөн өтүүгө милдеттендирүүнү сунуштап жатышат

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жана депутат Нуржал Төрөбекова никеге тургандар үчүн милдеттүү жана акысыз медициналык текшерүүнү киргизген мыйзам долбоорун иштеп чыгышты. Демилгеде В, С жана D вирустук гепатиттерине, ВИЧке жана венерикалык ооруларга тест тапшыруу каралган. Текшерүүнүн жыйынтыктары медициналык сыр катары сакталат жана жарандардын макулдугу менен гана ачыкталат. Эгер жубайлардын бири оорусу бар экенин жашырса,…

Кененирээк

«Ала-Тоо” аянтындагы оргума 29-апрелден тарта иштей баштайт

Калаа мэриясы бизге фонтандар Бишкек шаарынын күнүнө карата ишке кириши пландалып жатканын билдирди. Учурда аларга суу толтурулуп жатат. Белгилей кетсек, быйыл Бишкектин 148 жылдыгы белгиленет.

Кененирээк

Кыргызстанда кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду кимдер ала алат?

Кыргызстанда кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул белгиленген тартипке ылайык дайындалат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги түшүндүрмө берди. Бул төлөмдү алууга төмөнкү жарандар укуктуу: иштеген жарандар — жумуш берүүчү менен эмгек мамилесинде турган адамдар; жеке ишкерлер — ишкердик жүргүзүп, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөп келгендер; дыйкан жана фермердик чарбалардын мүчөлөрү; расмий жумушсуз деп таанылган…

Кененирээк

Эколог: Ысык-Көлдүн жээгине кум төгүү келечекте кооптуу кесепеттерге алып келет

Бүгүнкү күндө Ысык-Көлдүн жээгинде болуп жаткан иштер олуттуу тынчсызданууну жаратууда. Бул тууралуу өзүнүн Facebook баракчасында биология илимдеринин кандидаты, Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору Нурзат Тотубаева жазды. Анын айтымында, жээкти толтуруу — бул жөн гана курулуш элементи же бейтарап кийлигишүү эмес. Бул көлдүн жээк зонасын (литоралдык аймакты) — эң маанилүү жана эң алсыз бөлүгүн — бузуу…

Кененирээк

Бишкекте жаңы Geely электробустары каттамга чыгышы мүмкүн

Мэрия тарабынан кылдат техникалык талдоо жүргүзүлгөндөн кийин Geely электробустары Бишкектин автопаркын толукташы мүмкүн. Борбор калаада бир кубаттоо менен 250 чакырымдан кем эмес жол жүрүүгө жөндөмдүү, Кытайда жасалган маневрдүү электробустардын бет ачары өттү. Мэр Айбек Жунушалиев заманбап коопсуздук тутумдары жана пневматикалык асма менен жабдылган чакан моделдин артыкчылыктарына жеке өзү баа берди. Бул транспорт экологиялык таза каттамдарга…

Кененирээк

«Өз укугуңду бил!» аттуу акциянын алкагында юридикалык жардам берилет

30-апрель Кыргыз республикасынын Конституция күнүнө карата «Өз укугуңду бил!» аталышындагы акция өтөт. Акция Ош шаарында жана Ош облусунун Алай, Кара-Суу, Ноокат, Араван жана Кара-Кулжа, Өзгөн райондорунда өтүп, жергиликтүү калкка акысыз юридикалык кеңештер берилет. Акциянын жүрүшүндө жарандар адистердин кеңештерин алып, акысыз адвокат менен камсыз боло алышат.

Кененирээк