Араван райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынан билдиришкендей, учурда дыйкандар түшүмүн дүң баада сатып жатышат.
Араван районунда 1665 гектар жерге картошка эгилген. Картошка негизинен бул өрөөндө 20-майларда бышат. Бирок, быйыл күндүн ысыгына байланыштуу эрте бышты.
Дыйкандар түшүмүн жергиликтүү базарда жана Бишкек шаарында сатышат.


