Окуучулар кышкы эс алууга качан чыгаары айтылды

Кыргызстанда мектеп окуучуларынын кышкы эс алуусу 1-январдан баштап 14-январга чейин болот. Бул тууралуу маалыматты Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.Ведомстводон кабарлашкандай, сабактар 2024-жылдын 15-январынан башталат. Эскерте кетсек, окуучулардын күзгү эс алуусу 6-ноябрдан 12-ноябрга чейин болгон.

Кененирээк

Жеке жана мамлекеттик нотариустардын укугу теңделди

Жеке нотариустарга мамлекеттик нотариустардай эле нотариалдык иш-аракеттерди жасоого мүмкүнчүлүк берилет. Бул тууралуу Юстиция министрлиги билдирди. Бул өз кезегинде мамлекеттик нотариалдык кеңселердеги кезектердин санын азайтат жана алардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат. Буга чейин жеке нотариалдык кеңселердин мурастоо күбөлүгүн берүү укугу жок болчу. USAIDдин «Жигердүү Жарандар» жана «Укук Булагы» долбоорлорунун колдоосу менен мурастоо иштерин жүргүзүүгө жеке нотариустарга уруксат…

Кененирээк

Президент «Торугарт 2» көзөмөл-өткөрүү пунктун ачты

Бүгүн Президент Садыр Жапаров Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы жаңыланган «Торугарт 2» көзөмөл-өткөрүү пунктун ачты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.Өлкө башчы көзөмөл-өткөрмө пунктунун ишмердүүлүгү менен таанышып, чек арадан өтө турган унаалар үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүү керектигин баса белгиледи. Мындан тышкары, Садыр Жапаров келерки жылдын жаз айларынан тарта…

Кененирээк

Кыргызстандын таэквондочулары эл аралык турнирде 20 медалга ээ болушту

Казакстандын Алматы шаарында өткөн эл аралык турниринде өлкөнүн таэквондочулары 20 медалга ээ болушту. 15-17-декабрь күндөрү өткөн таэквондо боюнча мелдешке Раатбек Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары катышкан. Алар 5 алтын, 4 күмүш жана 11 коло медаль жеңди.Турнирге Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан 1200гө жакын спортчу катышты.

Кененирээк

Кыргызстан менен Өзбекстандын дипломатиялык алакасына 30 жыл

Ташкент шаарында Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына жана кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган маданий иш-чара өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Маданият жана маалымат министри Алтынбек Максутов тилибиздеги, дилибиздеги окшоштук эки элдин ортосундагы ажырагыс бекем көпүрө катары биримдиктин маанилүү компоненти болуп калаарын,…

Кененирээк

Туу өзгөрсө расмий документтер мөөнөтү бүткөнчө жарактуу болот

Кыргызстанда мамлекеттик туунун сүрөтү түшүрүлгөн бардык расмий документтер мөөнөтү аяктаганга чейин жарактуу болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзам долбоорунда жазылган. Ошондой эле автоунаалардын номерлери, унааны каттоо күбөлүгү аларды алмаштыруу боюнча тийиштүү мамлекеттик органдын чечими чыкканча жарактуу болот.Эске салсак, кечээ Жогорку Кеңеш тууну өзгөртүү мыйзам долбоорун кабыл алды.

Кененирээк

Өзгөн шаарына айланма унаа жолу курулат

Ош-Бишкек жолунун Өзгөн шаарына туура келген тилкеси эми шаарды аралабай сыртынан өтөт. Аталган тилкеге жол куруу ишин баштоо үчүн жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду.Азыркы учурда Бишкек – Ош авто жолунда, Өзгөн шаары аркылуу өтүүчү тилкесинде жол кыймылынын көптүгү байкалууда. Ушуга байланыштуу айланма жолду куруу зарылдыгы келип чыккан.Президенттин жарлыгына ылайык жолду куруу Министрлер Кабинетине 2024-жылдын…

Кененирээк

Мирбек Атабеков “Борбор Азия жылдызы” наамын алды

Кыргызстандын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабековго “Борбор Азия жылдызы” наамы ыйгарылды. Сыйлык тапшыруу Казакстандын Алматы шаарында өттү.Белгилүү ырчы М.Атабеков мындай наамды алгачкы ирет алганын айтып,соцбаракчасында боордош элге ыраазычылыгын билдирди.Иш-чаранын алкагында Мирбек Атабековдун эмгеги коңшу Казакстанда да жогору бааланып жатканы баса белгиленди.

Кененирээк

Кыргызстан бул жылы балдын экспортун жогорулатты

Кыргызстан бул жылы балды сыртка экспорттоонун көлөмүн көбөйттү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.Маалыматка ылайык 10 ай ичинде чет жакка 1 миллион 140 миң долларга 269,6 тонна бал чыгарды. Таттуу азыкты кеминде 17 өлкө сатып алган. Эн коп сатып алган мамылекеттерге Кытай, Кувейт,Азербайжан,Бириккен Араб Эмирлиги жана АКШ кирет. Эскерте кетсек өткөн жылыдын ушул маалында 207,4…

Кененирээк

Жусупбек Коргонбай уулу: өмүр бою эркинен ажыратылган кылмышкер эркиндикте

Жалал-Абадда УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалып, ал 2018-жылы» тоноо», «зордуктоо» сыяктуу оор беренелер менен өмүрүнүн акырына чейин кесилип, бирок 2022-жылы системдүү коррупциялык схема менен эркиндикке чыгып кеткен. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште тиешелүү мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин айынан соттолгондор, жаза мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандар тууралуу маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын кезектеги…

Кененирээк