Аксы окуясында жабыркагандарга жөлөк пулдун өлчөмү көбөйтүлдү

Аксы окуясында жабыркагандарга жөлөк пулдун өлчөмү көбөйтүлдү. Көбөйтүлгөн жөлөк пулду ушул жылдын 5-февралынан тартып ала башташаары маалымдалды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. «Жөлөкпулдун өлчөмү 3700 сомдон 4500 сомго жогорулады. Кошумча жөлөкпулдун бул түрүн алуучуларга 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып кайра эсептөө жана төлөө жүргүзүлөт«, — деп айтылат маалыматта.

Кененирээк

Көлөмү айтылды. Кыргызстан Түркияга жаңгак экспорттойт

Кыргызстан Түркияга 400 тонна жаңгак экспорттойт. Мындай макулдашууга эки өлкөнүн Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйынында жетишилди.Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматы боюнча, түзүлгөн келишимдин негизинде жаңгактын алгачкы тобу 15-февралда экспортко жөнөтүлүүгө даярдалууда.Эске салсак, 9-февралда Анкара шаарында 11-өкмөттөр аралык Кыргыз-Түрк соода-экономикалык жыйыны болуп өттү. Отурумдун жыйынтыгы боюнча 62 пунктан турган Комиссиянын жыйынынын протоколуна, эл…

Кененирээк

Онкологиялык ооруга чалдыккан балдардын үй-бүлөлөрүнө социалдык колдоо жакшырат

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү, доктор Ливиу Ведраско Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна таанышуу сапары менен барды. Мекемеден билдиришкендей, бул сапар 2021-жылдан тартып ишке ашырылып жаткан Кыргызстандагы энелердин жана ымыркайлардын, балдардын өлүмүн азайтуу максатында ДССУнун стационардык жардамды жакшыртуу боюнча долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат.Жолугушууда тараптар стационардык жардамды өнүктүрүүнүн келечегин…

Кененирээк