Кыргызстан Түркияга 400 тонна жаңгак экспорттойт. Мындай макулдашууга эки өлкөнүн Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйынында жетишилди.
Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматы боюнча, түзүлгөн келишимдин негизинде жаңгактын алгачкы тобу 15-февралда экспортко жөнөтүлүүгө даярдалууда.
Эске салсак, 9-февралда Анкара шаарында 11-өкмөттөр аралык Кыргыз-Түрк соода-экономикалык жыйыны болуп өттү. Отурумдун жыйынтыгы боюнча 62 пунктан турган Комиссиянын жыйынынын протоколуна, эл аралык унаа жолдору боюнча макулдашууга жана экспорт тармагында меморандумга кол коюлган.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *