Кыргызстан МЖӨ боюнча дүйнөлүк рейтингинде 22-орунга көтөрүлдү

Кыргызстан мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча дүйнөлүк рейтингинде 68-орундан 22-орунга көтөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук инвестициялык агенттиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, мындай жыйынтык мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун рейтингин түзгөн көз карандысыз «The Economist Intelligence Unit» экономикалык журналынын баалоосуна ылайык чыгарылган. Бүгүнкү күндө КР Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун долбоордук портфелинин инвестициялык көлөмү 100 млрд сомдон ашып, 68 долбоорду түзөт. 2021-2023-жылдар аралыгында…

Кененирээк

Миң унаа мыйзамсыз катталган

“Унаа” ишканасы Орусия, Белорусия, Армения, Казакстандан мыйзамсыз алынып келинген 15 миң 448 транспортту каттоого алган. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди. Маалыматка караганда, унааларга бажы төлөмдөрү төлөнгөн эмес. Андан сырткары, алар өлкөгө жасалма номур менен алып келинген. ЕАЭБ мамлекеттери 15 миң транспорттун 1 миңи аларда каттоодон өтпөгөнүн ырастады. Калганы боюнча өнөктөш өлкөлөрдөн маалымат күтүлүүдө. Белгилей кетсек,…

Кененирээк

Кыргызстанда алгачкы жолу бөйрөк алмаштыруу операциясы акысыз жасалды

Бишкекте биринчи акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Анда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун трансплантология бөлүмүндө министр Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуусунда 22 жаштагы бейтапка биринчи акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды. Операция 3 хирург, 1 анестезиолог, эки анестезист медайым жана эки хирургиялык медайымдан турган эки медициналык бригада тарабынан жасалды. Донордук бөйрөктү…

Кененирээк

Бишкекте асма жол куруу пландалууда

Бишкекте асма жол куруу пландалууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, мэр Айбек Джунушалиев Швейцариянын Флумус шаарында Bartholet Swiss компаниясынын президенти Ролан Бартолет менен жолугушту. Жыйында Бишкек шаарынын мэриясы менен Bartholet Swiss ортосунда кызматташуу боюнча алкактык макулдашууга кол коюлуп, Бишкек шаарында аркан жол системасы долбоорун ишке ашыруу планы бекитилди. Белгилей кетсек,…

Кененирээк